• 88.68
  • 95
  • 0.95

Парламент Бишкекте абанын сапатын жакшыртуу боюнча мыйзам долбоорун III окууда жактырды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 18.04.24. /Кабар/. Жогорку Кеңеш 18-апрелдеги жыйынында "2023-жылдын 12-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргызстан менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууну (Кыргызстандагы абанын сапатын жакшыртуу долбоору) ратификациялоо тууралуу" мыйзам долбоорун үчүнчү окууда жактырды.

Дорбоорду кабыл алууда 81 депутаттын ичинен 61и макул, бир депутат каршы добуш берди.

Долбоор КР министрлер кабинетинин абанын сапатын башкаруу тармагындагы мүмкүнчүлүгүн чыңдоо, турак жайларды таза жылытуу боюнча чечимдерди жана Бишкек шаарын жашылдандыруу боюнча иш-чараларды илгерилетүү үчүн Кыргызстанга Дүйнөлүк банктын 50 млн доллары өлчөмүндө каражаттарын тартууну карайт.

2023-жылы Дүйнөлүк банк тарабынан Бишкектеги абанын сапаты боюнча жүргүзүлгөн изилдөөгө ылайык, абаны эң негизги үч булгоочу шаардын четиндеги жылытуу, транспорт жана чаң болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий