• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жогорку Кеңеш Бакыт Төрөбаевди айыл чарба министри кызматына дайындоого макулдук берди

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 27.12.23. /Кабар/. Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында депутаттар Бакыт Төрөбаевди министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри кызматына дайындоого макулдук берүү маселеси каралды.

Белгилей кетсек, буга чейин Бакыт Төрөбаев министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары болуп иштеген.

Аталган маселе боюнча президенттин жана синистрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Алмасбек Абытов маалымат берди.

Жыйынтыгында депутаттар Бакыт Төрөбаевди министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри кызматына дайындоого макулдук берди.

Пикир

Оставить комментарий