• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Акылбек Жапаров мамлекеттик ишканалардын жана акционердик коомдордун 2023-жылдагы ишинин жыйынтыгын укту

Өкмөт 0

Бишкек, 27.12.23. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров мамлекеттик ишканалардын жана акционердик коомдордун 2023-жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары жөнүндө отчетун укту.

Алсак, «Манас» ААКтын маалыматы боюнча, 2023-жылга капиталдык салымдардын көлөмү 5 млрд сомду түздү.

Мындан тышкары, 7 жаңы каттам ачылып, бардык аймактык аэропортторду реконструкциялоо иштери жүрүп жатат.

Бул докладды уккан соң министрлер кабинетинин башчысы Кыргыз Республикасынын авиациясын ИКАОнун кара тизмесинен чыгаруу маселесине токтолду.

Ал ошондой эле өлкөнүн алыскы аймактарына ички каттамдар үчүн учактарды сатып алуу зарылдыгын белгиледи.

Андан соң «Кара-Балта спирт заводу» мамлекеттик ишканасынын маалыматы угулду.

Заводду модернизациялоого 280 миллион кредиттик каражат бөлүнгөн, мындан тышкары биргелешкен аракеттердин аркасында 2020-2021-жылдары рентабелсиз болгон ишкананы кирешеге киришин камсыздоого мүмкүн болгону айтылды.

2023-жылдын жыйынтыгы боюнча ишкананын кирешеси 400 миллион сомду түзгөн.

Мамлекеттик ишкананын маалыматын уккан Министрлер Кабинетинин башчысы өндүрүлүп жаткан продукциянын сапатына өзгөчө көңүл бурууну жана ушундай эле ишкананы түштүк аймагында ишке киргизүүнү тапшырды.

Министрлер Кабинетинин башчысынын айтымында, 2024-жылы Майлуу-Суу лампа заводунда айнек бөтөлкөлөрдү чыгаруу боюнча жаңы линия ишке киргизилет.

«Спирт заводу Майлуу-Суу заводуна айнек идиштерге, ал эми «Учкун» басмаканасына акциздик маркаларга буйрутма бериши керек. Ошентип, мамлекеттик ишканалар өз кирешелерин камсыздай алат, ал эми финансылык активдер мамлекеттик компаниянын балансында калат. Өз ара буйрутмалар, кеңеш берүү жагынан да, бизнес жагынан да жардам көрсөтүү мамлекеттик ишканаларды «минустан» чыгарууга жардам берет», - деп белгиледи Акылбек Жапаров.

Жыйындын жүрүшүндө мамлекеттик чыгашасы көп ишканалардын отчеттору да угулду.

Алсак Министрлер Кабинетинин башчысы «Мамлекеттик лотерея компаниясы» мамлекеттик ишканасынын эки жылдан бери рентабелдүү эмес ишмердүүлүгүн сынга алды.

«Эмне үчүн мамлекет пайда көрбөгөн, андан дагы монополист ишкананы кармап турушу керек», - деп Акылбек Жапаров белгилеп, бул ишкананы жоюу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну тапшырды.

«Ар бир мамлекеттик компаниянын бизнес-планы жана процесстерди түшүнүүгө башкаруучулук мамилеси болушу керек. Кызматтык унааларды сатып алуу жана кеңсени ремонттоп коюу- бул эффективдүү башкаруу эмес, бул жөн гана чыгымдар. Технологияларды сатып алып, инновациялык долбоорлорду ишке ашыруу керек», - деп жыйынтыктады Акылбек Жапаров жана мамлекеттик ишканалардын жана акционердик коомдордун жетекчилерине 25-январга чейин мамлекеттик ишканаларды мындан ары өнүктүрүү боюнча бизнес-пландарды тапшырууну тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий