• 88.68
  • 95
  • 0.95

Акылбек Жапаров Кыргызстандын урологдорунун IV Эл аралык форумуна катышты

Өкмөт 0

Бишкек, 29.06.22. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кыргызстандын урологдорунун IV Эл аралык форумуна катышты.

“Саламаттык сактоо негизги социалдык тармактардын бири. Бул багытта мүмкүнчүлүктөр чексиз экендигин жакшы билебиз. Бүгүн биз көптөгөн кыйынчылыктарга жана мүмкүнчүлүктөргө туш болуп жатабыз. Медицина тынымсыз өнүгүп жатат, урология дагы четте калбайт. Жаңы технологиялар жана диагностикалык ыкмалар ар кандай оорулар менен ооруган бейтаптарга натыйжалуу жардам көрсөтүүгө мүмкүндүк берет”, - деди Министрлер Кабинетинин Төрагасы өз сөзүндө.

Ал белгилегендей, “2010-жылы саламаттыкты сактоо системасынын консолидацияланган бюджети 5 млрд сом болсо, 2022-жылы 34 млрд сомго, ал эми 2023-жылы 37,2 млрд сомду түздү”.

“Медицина кызматкерлеринин эмгек акысынын жогорулашы менен ата мекендик адистердин медицинага келишине жагымдуу шарт түзүлдү”, - деди Акылбек Жапаров.

МинКаб Башчысы илимий ишмердүүлүктө кадрларды даярдоонун жана дайыма билим алмашуунун маанилүүлүгүн белгиледи.

“Илимде тажрыйба алмашуу абдан маанилүү аспект. Изилдөөлөрүңүз, натыйжаларыңыз жана табылгаларыңыз менен бөлүшүү жаңы идеяларды, жана ыкмаларды билүүгө мүмкүндүк берет, кайталануудан жана каталардан качууга жардам берет, ошондой эле илимпоздордун кызматташуусун жана өз ара аракеттенүүсүнө өбөлгө түзөт. Азыркы форум бул үчүн эң сонун аянтча болуп саналат. Ар бириңиздер өзүңүздүн билимиңиз, идеяңыз жана тажрыйбаңыз менен бөлүшөөрүңүзгө ишенем”, - деп жыйынтыктады Министрлер Кабинетинин Төрагасы.

Сөзүнүн аягында министрлер кабинетинин төрагасы чогулгандарды кесиптик майрамы – Медицина кызматкерлеринин күнү менен куттуктап, урология тармагына кошкон салымы үчүн өлкөдөгү бир катар медицина кызматкерлерине ыраазычылык билдирди.10:48

Пикир

Оставить комментарий