• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Мамлекеттик катчы Чэндудагы 19-Батыш Кытай эл аралык жарманкесинин ачылышына катышты

Коом 0

Бишкек, 29.06.22. /Кабар/. Кыргызстандын мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов бүгүн 19-Батыш Кытай эл аралык жарманкесинин ачылыш аземине катышты.

Сүйүнбек Касмамбетов өз сөзүндө белгилегендей, бул иш-чара өткөрүлгөн жылдар аралыгында, эл аралык жарманке Кытай менен чет мамлекеттердин ортосундагы соода жана инвестиция жаатындагы кызматташтыкты бекемдөө үчүн Батыш Кытайдын маанилүү аянтчасы болуп калды. Кытай Кыргызстандын негизги соода жана инвестициялык өнөктөштөрүнүн бири болуп саналат жана көп жылдар бою тышкы соода жүгүртүү түзүмүндө жана Кыргызстандын экономикасына инвестициялардын түшүү көлөмү боюнча биринчи орунду ээлеп келген.

Ал 2023-жылдын май айында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун Кытайга мамлекеттик сапары болуп, анын алкагында тараптар жаңы доордо ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк мамилелерин орнотушканын эске салды.

Ошондо, Кыргызстан жана Кытай ынак коңшулук жана достук мамилелерин ырааттуу өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө тоскоол болгон көйгөйлөрдүн жоктугун белгилеп, эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүнүн укуктук негизин бекемдешти.

Мамлекеттик катчы Кыргызстан Кытай менен инвестициялык, технологиялык кызматташтыкты кеңейтүүгө, атап айтканда, капиталды, алдыңкы тажрыйбаны жана заманбап технологиялык чечимдерди тартууга кызыкдар экенин белгиледи.

Сүйүнбек Касмамбетов Кыргыз Республикасы бизнести ыңгайлуу жүргүзүү жана өнүктүрүү үчүн бардык зарыл нерселерди жасап жатат деп ишендирди. Ал бул маселеге мамлекеттин комплекстүү жана ырааттуу мамилесин белгилеп, анын стратегиялык максаты болуп, шайкеш жана либералдуу мыйзамдар кепили болгон, жаңыланган жагымдуу инвестициялык климатты түзүү экендигин белгиледи.

Анын айтымында, өлкөдө бизнес жана чет элдик инвестициялар үчүн максималдуу ыңгайлуу шарттарды түзүү саясаты жүргүзүлүүдө. Кыргызстанда масштабдуу инвестициялар үчүн колдоо көрсөтүү чаралары жана коопсуздук кепилдиктери менен "стратегиялык инвестор" өзгөчө статусу киргизилген.

Жеңил жана кайра иштетүү өнөр жайы, энергетика, айыл чарба продукциясын өндүрүү жана кайра иштетүү, соода, энергетика, ошондой эле туризм инвестициялык кызматташтыктын артыкчылыктуу багыттары болуп саналат.

Мамлекеттик катчы эки өлкө ортосундагы кызматташтыктын форматы жана деңгээли жыл сайын сапаттуу деңгээлге чыгып жатканын – эки тараптуу жана көп тараптуу деңгээлдерде өнүгүп жана активдешип жатканын баса белгиледи.

Анда Кытай Эл Республикасынын ордун аныктоо менен соода кызматташтыгынын Азия векторунун артыкчылыгы Кыргызстан жана Кытай үчүн кооперацияны өнүктүрүү, биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн зор мүмкүнчүлүктөрдү ачат.


Маалымат үчүн: 19-Батыш Кытай эл аралык жарманкесине 56 өлкө жана регион катышты.

Пикир

Оставить комментарий