• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкектин Эркиндик бульварынын сол тарабына унаа токтотууга тыюу салынды

Коом 0

Бишкек, 18.04.22. /Кабар/. Бишкектин Эркиндик бульварынын сол тарабына унаа токтотууга тыюу салынды. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, унаа токтотууга тыюу салынган белги Эркиндик бульварына Чүйдөн Түгөлбай-Ата көчөсүнө чейинки бөлүгүнө коюлду.

Унаалардын жана дөңгөлөктүү фудкорттордун башаламан токтотушунан улам тыюу салынган.

Пикир

Оставить комментарий