• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Акыркы айда Кыргызстанда балдардын 57% зордук-зомбулук көргөн – ЮНИСЕФ

Коом 0

Бишкек, 30.01.19. /Кабар/. Акыркы айда Кыргызстанда балдардын 57% зордук-зомбулук көргөн. Бул тууралуу Бишкектеги тегерек столдун жүрүшүндө ЮНИСЕФтин балдарды коргоо бөлүмүнүн башчысы Лучио Сарандреа билдирди.

Анын айтымында, изилдөөгө ылайык суралган балдардын 57% акыркы айда зордук-зомбулук көргөн. Алардын 2,8% өтө оор түрдө болгон.

"Баарынан жогору пайыз Бишкек менен Ошто катталган - 17%. Алар 3-4 жаштагы балдар. Балдарга зомбулук көрсөтүү аялдарга карата зомбулук менен байланышкан. Анткени өзүнө карата зомбулук көргөн бала чоңойгондо аны адаттагы нерсе катары кабыл алат", - деди Сарандреа.

Ошондой эле жакын арада Жогорку Кеңеште жаңы Кодекс тартууланып, анда мигранттардын балдарын милдеттүү түрдө убактылуу камкордукка алуу каралган.

"Ата-энеси башка жакка кеткен ар бир баланын аны караган жоопкерчиликтүү адамы болот. Бул ыкма акысыз негизде жүрөт. Бул тажрыйба башка өлкөлөрдө ийгиликтүү иштеп, ошолордон алынган", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий