• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

2018-жылы балдарга катаал мамиле жасоо боюнча 136 факт катталып, 13 бала көз жумган

Коом 0

Бишкек, 30.01.19. /Кабар/. Кыргызстанда 2018-жылы балдарга катаал мамиле жасоо боюнча 136 факт катталып, 13 бала көз жумган. Бул тууралуу Бишкекте өтүп жаткан тегерек столдо КРнын ИИМнин өспүрүмдөр иштери боюнча бөлүмдүн жетекчиси Азамат Абдрахманов билдирди.

Анын айтуусунда, жалпы катталгандардын ичинен 13дө өлтүрүү болгон. Алардын ичинен: Ымыркайларды өлтүрүү боюнча 3 факты. Ал жерде энелери балдарын таштап кетишкен. Энелер өзүнө-өзү кол салууга аракет жасап, балдары да көз жумган боюнча 2 факты. Мушташ болуп, өспүрүмдөр көз жумган боюнча 2 факты.

“Жүргүзүлгөн беш жылдык анализ көрсөткөндөй, республика боюнча балдарга карата зордук-зомбулук кылуу фактыларынын төмөндөшү байкалат. Эң чоң көрсөткүч 2015-жылы байкалган. Андан тышкары былтыркы жылы республиканын аймагында ата-энеси мигрант болуп иштеп кеткен 54 миң бала катталган. Балдар туугандарына жана жакындарына калтырылган. 2018-жылы мигранттардын балдарына карата 544 кылмыш жасалган”, - деп билдирди ал.

Абдрахманов кошумчалагандай, баардык эмгек мигранттардын балдары каттого алынып, электрондук база түзүлгөн. Ал бала кандай шарттарда жашап жаткандыгын жана башка нерселерди көзөмөлдөөгө мүмкүнчүлүк берет”, - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий