• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте мобилдик төлөм кабыл алуу пункттары жана жарнама конструкциялары алынып салынууда

Коом 0

Бишкек, 14-март /Кабар/. Бишкек шаардык мэриясынын жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын кызматкерлери 1-Май райондук администрациясынын өкүлдөрү менен биргеликте Москва көчөсү боюнча Манас проспкетисинен Абдрахманов көчөсүнө чейин жүздөн ашык жарнама конструкцияларын алып ташташты. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Баш калаанын тышкы көрүнүшүн жакшыртуу максатында мыйзамсыз орнотулган 9 мобилдик түйүн бузулду. Чүй-Исанов, Ахунбаев-Молодежная, Байтик Баатыр-Скрябин, Бөкөнбаев-Логвиненко, Горький-Тыныстанов, Тоголок Молдо-Киев, Киев-Байтик Баатыр көчө кесилиштериндеги, “Азат” кичи базарынын жанындагы, №70 орто мектептин каршысындагы мобилдик төлөм пункттары алынып ташталды.

Январдын башында мэриянын №1 токтому менен Бишкек шаарынын аймагында мыйзамсыз курулушка жол бербөө жана жоюу боюнча ыкчам штаб түзүлгөн. Бул штабдын иш-планында Токтогул көчөсү менен Манас проспектисинин кесилишинде мыйзамсыз курулган 5 кабат имаратты бузуу биринчи болуп турган. Штабдын курамында мэриянын түзүмдү бөлүктөрү, КР Жогорку сотунун алдындагы сот департаменти, Бишкек шаардык КР өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча инспекциясы, ошондой эле, Бишкек шаардык Прокуратурасы тыгыз байланышта иштешет.

Жакынкы мезгилде борбор шаарда технологиялык талаптар эске алынбастан, уруксат кагазы жок орнотулган жана курулган бир катар объектилер буздурулат.

Пикир

Оставить комментарий