• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

“КРны туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Жарлыкка кол коюлду

Коом 0

Бишкек, 14-март /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарындагы кадрдык өзгөрүүлөргө байланыштуу токтом кылынат:

1. “Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 24-ноябрындагы “Кыргыз Республикасын экономикалык туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңеш жөнүндө” Жарлыгына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 26-декабрындагы № 268 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин курамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- курамдан Ф.А. Ниязов чыгарылсын;

- курамга Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси Исаков Сапар Жумакадырович, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын жетекчисинин орун басары Сариева Эльвира Кубанычбековна киргизилсин.

2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий