• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда жакында базальт буласын чыгарууга багытталган ири программа ишке ашат

Өкмөт 0

Бишкек, 21.12.23. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаевдин жетекчилиги алдында “Базальт булалары жана материалдар” мамлекеттик программасын ишке ашырууга байланышкан жыйын болуп өттү.

Анда Төрөбаев, өлкөнүн өнөр жай тармагын өнүктүрүү мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин белгиледи. Ал багыттар бир катар учурдагы өнүктүрүү документтери менен, анын ичинде президенттин жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасын 2026-жылга чейин өнүктүрүүнүн Улуттук программасы менен бекемделээрин билдирди.

“Бүгүнкү күндө Кыргызстандын экономикалык жактан өсүшүнө олуттуу таасирин тийгизген маанилүү тармактардын бири кайра иштетүү өнөр жайы. Маселен, өнөр жай ички дүң өндүрүмдүн 17,0 пайызын берет. Ошол себептүү, чийки заттарды кайра иштетүүчү өнөр жайлар аркылуу мамлекеттин экспорттук потенциалын жогорулатууну дагы көздөйбүз”, – деди Бакыт Төрөбаев.

Белгилей кетсек, “Базальт булалары жана материалдар” мамлекеттик программасы ишке ашырылса, Чүй облусунун Токмок шаарына “Үзүлбөгөн базальт буласы жана арматураланган композиттик материалдар” заводу курулат. Тагыраагы, заводдон чыгарылган материалдарды – турак-жайларды жылуулаганга, имараттардын жер титирөөгө туруктуулугун кармоо, унаа жана темир жолдорду курууда, энергетика жана айыл чарба тармактарында колдонууга болот.

Эксперттердин айтымында, эгерде долбоор ишке ашырылса, Кыргызстан базальт булаларын чыгарган алдыңкы беш мамлекеттин катарына кирет. Чийки заттын кору жергиликтүү кендерде жогору. Ошондой эле, импорттук көз карандылык жоюлуп, жогорку технологиялуу өндүрүш тармагына колдонууда Европа өлкөлөрүнө экспортко чыгууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Албетте анын арты менен кошумча жумуш орундары түзүлүп, мамлекетке салык түшүп, эмгек акылар жогорулайт.

Отрумундун соңунда министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары тиешелүү мамлекеттик мекемелердин өкүлдөрүнө жана атайын түзүлгөн жумушчу топторго “Базальт булалары жана материалдар” мамлекеттик программасы кабыл алынганга чейин ченемдик укуктук актыларды дал келтирүүнү тапшырды. Мамлекет ар тараптан өнүгүүсү үчүн ар бир мамлекеттик кызматкер өздөрүнө тиешелүү миссиясын жана милдетин так аткарууга чакырды.

Пикир

Оставить комментарий