• 88.68
  • 95
  • 0.95

УКМК адам органдарын сатуу менен алектенген трансулуттук топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт койду

Укук тартиби 0

Бишкек, 18.04.24. /Кабар/. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети адам органдарын сатуу менен алектенген трансулуттук топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт койду.

Ведомстводон билдиришкендей, атайын кызматтын максаттуу иш-аракеттеринин натыйжасында адам органдарын өлкөнүн чегинен тышкары сатуу боюнча туруктуу мыйзамсыз канал уюштурган эл аралык кылмыштуу топтун мыйзамсыз аракеттери аныкталды.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чаралардын натыйжасында З.Р.З. аттуу жаран менен алдын ала макулдашуу боюнча адам органдарын сатуу каналын уюштурган К.А.К. аттуу жаран аныкталган.

К.А.К. чет элдик клиникаларда бөйрөк алмаштыруу үчүн ири суммадагы акчаны (80 миң долларга чейин) төлөөгө даяр бейтаптарды издөөнү жөнгө салган. Андан ары Кыргызстандын аймагында "жалдоочулар" акчалай сыйлык үчүн донорлорду таап, аларды трансплантациялоо үчүн өздөрүнүн ички органдарын алдоо жолу менен берүүгө азгырышкан.

Донорлор медициналык текшерүүдөн өтүүсү керек болгон, бирок организмдин абалына карабастан оң корутунду чыгарылып келген. Мындан тышкары уюштуруучулар коррупциялык жолдор аркылуу операция жасалуучу клиникага тапшыруу үчүн бейтап менен болгон мамилеси тууралуу жасалма документтерди жасашып, Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары чыгып турушкан.

Донорлор бир бөйрөгү үчүн орто эсеп менен 1 миң АКШ долларынан 7 миң АКШ долларына чейин, жалдоочулар болсо ар бир жиберилген донор үчүн 3 миң АКШ долларына чейин алышкан, ал эми акчанын олуттуу бөлүгү каналдын уюштуруучусуна – 30 миң доллардан 70 миң АКШ долларына чейин түшүп турган.

Күн мурун, 17-апрелде бөйрөктү трансплантациялоо үчүн кезектеги донорду Кыргызстандын чегинен тышкары жөнөтүү учурунда «Манас» аэропортунун аймагынан К.А.К. жана З.Р.З. аттуу Кыргызстандын жарандары кармалды.

Жүргүзүлгөн тергөө-оперативдүү иш-чаралардын жыйынтыгы менен К.А.К. жана З.Р.З. УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда аталган кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тийиштүү иш-чаралар уланууда.

Пикир

Оставить комментарий