• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Бишкекте жол эрежесин бузган той кортежи айыпка жыгылды — сүрөт

Укук тартиби 0

Бишкек, 31.03.21. /Кабар/. Бишкекте милициянын кайгуул кызматкерлери жол эрежесин бузган той кортежине айып салды.

Аталган кызматтан кабарлашкандай, мындан бир нече күн мурун жол эрежесин одоно бузган той кортежинин видеосу социалдык тармакта тараган.

Милиция кызматкерлери тийиштүү чараларды көрүп, 6 автоунааны кармады. Бузуулар кодексинин негизинде протоколдор толтурулуп, айдоочуларга карата түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Милициянын кайгуул кызматы айдоочуларды жол эрежени так сактоого чакырат.

Пикир

Оставить комментарий