• 88.68
  • 95
  • 0.95

УКМК жашыруун улутчул топтун мүчөлөрүн кармады

Укук тартиби 0

Бишкек. 02.08.23. /Кабар/. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети жашыруун улутчул топтун мүчөлөрүн кармады.

Ведомствонун маалыматына ылайык, УКМК тарабынан Бишкек шаарында жана Чүй облусунда улутчулдардын жашыруун тобу иш жүргүзүп, азиат улутундагы адамдарга карата мыйзамсыз иш-аракеттерди жасап, видеого тартып, социалдык тармактарга жарыялап жаткандыгы тууралуу маалыматтар алынган.

Белгиленгендей, улутчул топтун мүчөлөрү өздөрүнүн видеолорунда фашисттик символдорду колдонушкан.

УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1 жана 4-пункттарында каралган кылмыштардын негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында атайын кызматтын кызматкерлери ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүп, анын натыйжасында аталган топтун үч мүчөсү Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун тургундары С.Б.М., Н.Р.В. жана С.Г.Р. экени аныкталып, кармалды.

Тергөө иш-чараларынын алкагында кармалгандардан алардын мыйзамсыз иш-аракеттерин далилдеген буюмдар алынган.

Кармалгандар УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына камалды.

Учурда жашыруун улутчул топтун башка мүчөлөрүн аныктоо жана кармоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

“Бул адамдардын аракеттеринен жабыр тарткандар болсо УКМКнын ишеним телефонуна (0312 66 04 75) кайрылыңыздар”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий