• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

“Өлкөнүн башкы байлыгы – анын эли” – Бишкекте эгемендиктин 30 жылдыгына арналган видеороликтин бет ачары болду

Коом 0

Бишкек, 31.03.21. /Кабар/. Бүгүн, 31-мартта Бишкекте Кыргызстандын көз карандысыздыгынын 30 жылдыгына арналган “Өлкөнүн эң башкы байлыгы – анын эли” темасындагы социалдык видеороликтин бет ачары болду.

Видеоролик улуттук валютанын банкнотторунда тартылган белгилүү инсандар: ойчул-философ Жусуп Баласагын, улуу манасчы Саякбай Каралаев, акын Алыкул Осмонов, андан тышкары, сүрөтчү жана актер Сүймөнкул Чокморов тууралуу тартылган.

Видеороликтер кыргыз элинин руханий баалуулуктарын жайылтуу, андан тышкары, элдин улуттук валютага болгон ишеним деңгээлин көтөрүү, ага аяр мамиле кылуу маданиятын калыптандыруу максатында тартылган.

“Улуттук валютадагы банкноттор тарыхый ишмерлердин, ошондой эле өлкөнүн улуттук сыймыгы болгон илимдин, маданияттын жана искусствонун мыкты өкүлдөрүнүн сүрөттөрү менен кооздолгон” , - деди Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов өз сөзүндө.

Бет ачар Жогорку Кеңештин, президенттин аппаратынын, КР өкмөтүнүн өкүлдөрү, маданияттын, искусствонун көрүнүктүү ишмерлери, республиканын тарыхчылары, андан тышкары, жалпыга маалымдоо каражаттарынын катышуусунда өттү.

Видеоролик режиссер Руслан Акундун “Байрак групп” чыгармачыл тобу тарабынан белгилүү кино ишмери Актан Арым Кубат, Эрнест Абдыжапаров, Марат Сарулу жана Баян Сарыгуловдордун катышуусунда тартылды.

Пикир

Оставить комментарий