• 88.68
  • 95
  • 0.95

Эл акыны Абдыжапар Эгембердиевдин поэзия кечеси өттү

Маданият 0

Бишкек, 31.03.21. /Кабар/. Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясында Кыргыз Республикасынын эл акыны, журналист Абдыжапар Эгембердиевдин поэзия кечеси өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иш-чарага маданият министри Кайрат Иманалиев, Жазуучулар союзунун мүчөлөрү, коомдук-маданий ишмерлер жана туугандары катышты.

Поэзия кечесинде акындын ырларын Кыргыз Республикасынын Эл артисттери Марат Алышпаев, Тынара Абдразаева жана Т. Абдымомунов атындагы Кыргыз Улуттук академиялык драма театрынын артисттери көркөм окушуп, обондуу ырлар жаңырды.

Кече Кыргыз Республикасынын “ЭлТР” телерадиокомпаниясынын “Мени издесең, ырларымдан табасың” долбоорунун алкагында уюштурулду.

Акын Абдыжапар Эгембердиев Түп районундагы Токтоян айылында туулган. Кыргыз Мамлекеттик университетинин филология факультетин жана Ташкент саясат жана башкаруу институтунун журналистика бөлүмүн бүтүргөн.

Эмгек жолун Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Баетов атындагы орто мектебинде мугалим болуп баштап, бир катар жылдар Ак-Талаа райондук гезитинин редакторунун орун басары, партиянын Ак-Талаа жана Ак-Суу райкомдорунун саясий агартуу кабинеттеринин башчысы, партиянын Ысык-Көл обкомунун саясий агартуу Үйүнүн консультанты, Түп райондук гезитинин редактору, облустук «Ысык-Көл правдасы» гезитинин башкы редакторунун орунбасары, башкы редактору, партиянын Ысык-Көл обкомунун сектор башчысы, республикалык «Мугалимдер газетасы» жана «Учитель Киргизстана» гезиттеринин башкы редактору, Ысык-Көл облмамадминистрациясынын басма сөз кызматынын жетекчиси болуп иштеген.

Учурда облустук «Ысык-Көл кабарлары» гезитинин башкы редактору.

Пикир

Оставить комментарий