• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Бишкекте эки унаа кагышып, бир адам жабыркады

Кырсык 0


Бишкек, 31.03.21. /Кабар/. Бишкектин Калык Акиев жана Киев көчөлөрүнүн кесилишинде эки унаа кагышып, бир адам жабыркады. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн болжол менен саат 16:00дөр чамасында “БМВ” жана “Хюндай” үлгүсүндөгү эки автоунаанын катышуусунда жол кырсыгы катталган.

Жол кырсыгынан “Хюндай” унаасынан бир жаран жабыркап, тез жардам кызматы менен ооруканага жеткирилген.

Азыркы учурда жол кырсыгы катталган жерде милициянын кайгуул кызматы иш алып барууда.

Пикир

Оставить комментарий