• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстанда акыркы суткада 15 өрт кырсыгы катталды

Кырсык 0

Бишкек, 30.01.23. /Кабар/. Кыргызстанда акыркы суткада 15 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 1, Ош шаарында 1,Чүй облусунда 2, Жалал-Абад облусунда 4, Ош облусунда 4, Ысык-Көл облусунда 2, Баткен облусунда 1 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 16 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган.

Алсак, Түп районунун Күрмөнтү айылында аянтты 85 чарчы метр болгон сарай жана 850 түк чөп күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Жайыл районунда Бишкек - Ош унаа жолунун 61-чакырымында Opel Zafira үлгүсүндөгү унаа толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий