• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кененбаев Алмаз Муканович - өмүр баяны

Коом 0

Бишкек, 17.08.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык Кененбаев Алмаз Муканович Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин биринчи орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

Кененбаев Алмаз Муканович

1976-жылдын 6-июнунда Ысык-Көл облусунун Ананьево айылында төрөлгөн.

Билими: жогорку

1998-жылы Кыргыз Мамлекеттик Улуттук Университетин бүтүрүп, чарбалык ишмердүүлүктү анализдөө жана көзөмөлдөө, бухгалтердик эсеп адистигине ээ болгон.

2003-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университетинин юридика факультетин аяктап, юриспруденция адистигин алган.

2010-жылы Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу башкаруу Академиясынын бизнести башкаруу менеджменти адистиги боюнча магистратураны аяктаган.

Эмгек таржымалы:

2012-ж. — «AlmaGroup» консалтинг компаниясы, башкы директор;

2012-ж. — Бишкек шаардык кеңеши, депутат;

2013-ж. — Бишкек шаардык кеңеши, КСДП фракциясынын лидери;

2014-ж. — Бишкек шаардык кеңеши, көпчүлүк коалициясынын лидери;

2015-2016-жж. — Бишкек шаардык кеңеши, 26-чакырылыштын төрагасы;

2016-ж. — Бишкек шаардык кеңеши, депутат;

2016-2017-жж. — Бишкек шаардык кеңеши, КСДП фракциясынын лидери жана көпчүлүк коалициясынын башчысы;

12.2017-08.2018-жж. — Бишкек шаардык кеңеши, 27-чакырылыштын төрагасы;

08.2018 ж. — Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппарат Жетекчисинин биринчи орун басары.

Үч баланын атасы.

Пикир

Оставить комментарий