• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Абылгазиев жана Бакытжан Сагинтаев эки тараптуу жолугушуу өткөрдү

Саясат 0

Бишкек, 18.08.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Казакстан Республикасына жумушчу сапарынын алкагында Казакстан Республикасынын Премьер-министри Бакытжан Сагинтаев менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев белгилегендей, Казакстан Республикасы менен стратегиялык мамилелерди чыңдоо – Кыргыз Республикасынын тышкы саясатындагы артыкчылыктуу багыттардын бири болуп саналат.

«Кыргыз-казак мамилелеринде активдүү саясий диалог калыптангандыгын белгилеп кетким келет. Өткөн жылдын декабрь айында Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун Казакстан Республикасына жасаган расмий сапарынын жүрүшүндө кыргыз-казак мамилелеринин негизги багыттары аныкталган», – деди ал.

Өкмөт башчы белгилегендей, аталган жолугушуу күн тартибинде орун алган актуалдуу маселелердин чечилишине өбөлгө түзөт.

Өз кезегинде Казакстан Республикасынын Премьер-министри Бакытжан Сагинтаев белгилегендей, кечээги күнү Чыңгыз Айтматов атындагы көчөнүн ачылышынын орун алышы эки өлкөнүн элинин достугунун чыңдалышынын символу болуп саналат.

«Биз бир тууган элбиз. Кыргыз-казак мамилелери кылымдар бою бекем сакталып келе жаткан биримдиктин үлгүсү катары калышы керек. Биздин көзөмөл-өткөрүү пункттарыбыздын ишин кайрадан форматташтыруу эки өлкө ортосундагы ачыктыктын дагы бир белгиси болуп калат», – деди ал.

Бакытжан Сагинтаев белгилегендей, өлкөлөр эки тараптуу сооданы өнүктүрүүсү үчүн өз артыкчылыктарын, жалпы чек араларын жана ырааттуу инфраструктурасын пайдалана билүүсү керек.

«Биз эки тараптуу экономикалык кызматташтык маселелери боюнча Жол картасынын пункттарын аткаруу боюнча жаман эмес көрсөткүчтөргө ээ болуудабыз. Жол картасын ишке ашыруу биздин өлкөлөр ортосундагы кызматташтыктын артыкчылыктуу маселеси болуп саналарын белгилеп кетким келет», – деди ал.

Маалымдама: Чолпон-Ата шаарында 2-8-сентябрда өтүүчү Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында таймаштын бардык түрү боюнча Казакстан Республикасынан 234 спортчу катышмакчы.

Пикир

Оставить комментарий