• 88.68
  • 95
  • 0.95

Эмгек министри эмгек миграциясынын башкы көйгөйү тууралуу айтып берди

Коом 0

Бишкек, 16.11.23./Кабар/. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова КР президентине караштуу Чет өлкөдөгү мекендештер менен байланыштар боюнча кеңешине катышты.

Өз сөзүндө министр учурда "Мекен-карталарын" чыгаруу боюнча бир топ иштер жүрүп жатканын белгилеп, бүгүнкү күндө аларды Россия, Германия, Түштүк Корея, Бельгия, Түркия, Катар, Австрия жана Түркмөнстандан келген кыргызстандыктар алганын маалымдады.

"Ошол эле учурда эмгек миграциясына кетип жаткандардын көбү балдарын бул жакка таштап кетүүгө аргасыз болуп жатканы көйгөй бойдон калууда. Бул балдар ата-энесиз чоңоюп, үй-бүлөлүк баалуулуктарды толук сиңире алышпайт. Ал эми биздин милдет - Кыргызстанда иш менен камсыз болуу жана бакубат жашоо үчүн максималдуу шарттарды түзүү", - деди министр.

Гүлнара Баатырова биринчи кезекте мигрант балдар үчүн кыргыз тилин жана кыргыз маданиятын үйрөнүү үчүн бекер онлайн сабактарды уюштуруунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Жолугушууда Кыргызстандын аймактарын өнүктүрүүдө мекендештердин аракеттерин бириктирүү маселелери талкууланды.

Мамлекеттик органдардын жана Кеңештин мүчөлөрүнүн максаттары жана милдеттери, аларды ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планы, ошондой эле мекендештердин өз ара аракеттенүүсүнүн ар кандай аспектилери жана алардын өлкөнү өнүктүрүүгө катышуусу боюнча сунуштар киргизилди.

Пикир

Оставить комментарий