• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекке Азербайжандын Милли Межлисинин төрайымы баштаган делегация келди

Саясат 0

Бишкек, 15.11.23./Кабар/. Бүгүн Бишкекке Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясынын күзгү сессиясына катышуу үчүн Азербайжан Республикасынын Милли Межлисинин жөрайымы Сагиба Гафарова баштаган делегация келди.

Сыйлуу конокторду "Манас" эл аралык аэропортунан Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурбек Сыдыгалиев тосуп алды.

Белгилей кетсек, 2023-жылдын 16-17-ноябрь күндөрү Бишкекте Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык ассамблеясынын (КМШ ПАА) жыйындары өтөт.

Пикир

Оставить комментарий