• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

КМШнын кийинки саммити 2024-жылы октябрда Москвада өтөт

Саясат 0

Бишкек, 13.10.23. /Кабар/. Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигине мүчө өлкө башчыларынын кийинки жыйыны 2024-жылы октябрда Москвада өтөт. Бул тууралуу Бишкекте өтүп жаткан КМШ өлкө башчыларынын кеңейтилген курамдагы жыйынында Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин билдирди.

Эскерте кетсек, 2024-жылы Россия Федерациясы бир эле учурда КМШ Мамлекет башчыларынын кеңешинде, Өкмөт башчылар кеңешинде, Тышкы иштер министрлер кеңешинде, Экономикалык кеңеште, Туруктуу ыйгарым укуктуу өкүлдөр кеңешинде - Шериктештикке мүчө мамлекеттердин өкүлдөрү Шериктештиктин уставдык жана башка органдарына, ошондой эле КМШнын Экономикалык кеңешинин алдындагы экономикалык маселелер боюнча комиссияга төрагалык кылат.

Пикир

Оставить комментарий