• 88.68
  • 95
  • 0.95

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы өлкө жаштары менен жолугушуусун улантууда

Коом 0

Бишкек, 13.10.23. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алтынбек Абдувапов өлкөнүн жаштары менен жолугушуусун улантууда.

Бул жолу Ош мамлекеттик университетинде, Ош технологиялык университетинде жана Жалал-Абад мамлекеттик университетинде лекциялар өткөрүлдү.

Салык кызматынын төрагасы ведомствонун жетишкендиктери жана белгиленген пландары жөнүндө айтып берди. Ал салык жыйымдарынын өсүү ыргагына өзгөчө көңүл бурду. Булардын бардыгы санариптик механизмдерди киргизүү боюнча активдүү иштин аркасында мүмкүн болгондугун билдирди.

"Бүгүнкү күндө ККМ, ЭТТК, ЭЭФ системалары жана башка долбоорлор ийгиликтүү колдонулууда. Электрондук салык кызматтары баарынан мурда салык төлөөчүлөрдүн убактысын жана каражатын үнөмдөп, алардын жашоосун жеңилдетет", – деп белгиледи А.Абдувапов.

Санариптик инструменттер жарандардын жана уюмдардын салык милдеттенмелери жана кирешелери жөнүндө өз убагында жана так маалымат алууга мүмкүндүк берет. Бул маалыматтарды иштеп чыгууга кеткен убакытты үнөмдөп, адистерге аналитика жана мониторинг сыяктуу маанилүү милдеттерди аткарууга мүмкүнчүлүк берет.

"Бирок, Салык кызматын өнүктүрүүнүн санариптештирүү багыты жогорудагы долбоорлор менен эле чектелбейт. Салык төлөөчүлөр менен өз ара аракеттешүүнүн жаңы онлайн формаларын өнүктүрүүбүз зарыл. Ушуга байланыштуу, Салык кызматына дүйнөлүк экономиканы, салык мыйзамдарын жана маалыматтык технологияларды билген жаш адистер абдан керек", – деп МСКнын төрагасы студенттерге кайрылды.

Алтынбек Абдувапов Салык кызматынын жогорку окуу жайлар менен болгон ушундай жолугушуулар аркылуу өз ара аракеттешүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Ал студенттерге салык органдарынан практикадан өтүүнү сунуштады. Ошондой эле салык сабаттуулугу боюнча интеллектуалдык оюндарды өткөрүү пландаштырылууда.

Ар бир жолугушуунун аягында МСКнын төрагасы адаттагыдай эле лекциянын катышуучуларынын суроолоруна жооп берип, ийгиликтерди каалады. "Салык кызматынын эшиги дымагы күчтүү, сабаттуу жана креативдүү ойлонгон жаштар үчүн дайыма ачык. Биздин кызматка кош келиңиздер", – деп жыйынтыктады А.Абдувапов.

Белгилей кетсек, ушундай эле иш-чаралар Кыргыз улуттук университетинде жана Бишкек Мамлекеттик университетинде өткөн. Жолугушууларды өлкөнүн башка билим берүү мекемелеринде да өткөрүү пландаштырылууда.

Пикир

Оставить комментарий