• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Диний ишти жүзөгө ашыруу боюнча мамилелерди жөнгө салуучу мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү демилгеленди

Коом 0

Бишкек, 02.11.20. /Кабар/. КР Юстиция министрлиги тарабынан КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын чечимин ишке ашыруу максатында диний иш-аракеттерди жүзөгө ашыруу, КРда диний уюмдардын, чет өлкөлүк диний уюмдардын миссияларынын укуктук абалын белгилөө боюнча мамилелерди жөнгө салуучу мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү демилгеленген. Бул тууралуу Юстиция министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Юстиция министрлиги “КРдагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө” КР Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу КР Мыйзам долбоорун иштеп чыкты.

КР Жогорку Сотунун Конституциялык палатасынын кароосунун предмети болуп, жарандардын билим алуу, анын ичинде диний билим алуу конституциялык укугун жүзөгө ашыруу үчүн диний билим берүү мекемесин түзүүдө, диний уюм, ишке ашыруу механизми болбогон, жарандардын тизмесин жергиликтүү кеңеш менен макулдашуу процедурасын өтүүгө милдеттүү экендигин белгилеген ченемдер саналат.

Буга байланыштуу, мыйзам долбоору менен “КРда дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө” КР Мыйзамынын 12-беренесинин 3-бөлүгүнүн 4-пунктунда жана 13-беренесинин 2-бөлүгүнүн төртүнчү абзацында “жана жергиликтүү кеңештер менен макулдашылган” деген сөздөрдү алып салуу сунушталууда.

Бүгүнкү күндө, аталган мыйзам долбоору белгиленген тартипте, КРнын министрликтери, ведомстволору жана башка мамлекеттик органдары менен макулдашууга жиберилген.

Пикир

Оставить комментарий