• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Салык кызматында аналитикалык борбор түзүлдү

Коом 0

Бишкек, 09.06.20. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматынын борбордук аппаратында жаңы түзүмдүк бөлүм – аналитикалык иштер башкармалыгы (аналитикалык борбор) түзүлдү. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жаңы башкармалык фискалдык органдын негизги функцияларын аткаруу, анын ичинде салыктар жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча резервдерди аныктоо боюнча иштеринин сапатын жогорулатуу максатында түзүлгөн.

Бул максатта башкармалык салыктардын бардык түрлөрүнө жана тармактарга талдоо жана мониторинг жүргүзөт. Анын милдеттерине аймактык салык органдарынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу, салык төлөөчүлөрдүн базасы боюнча талдоо иштерин жүргүзүү, салыктардын жана камсыздандыруу төгүмдөрүнүн жашыруун схемаларын ж. б. табуу кирет.

Мындан тышкары, аналитикалык борбордун милдеттерине ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен соода жүргүзүүнүн алкагында товарларды эсепке алуу пункттарынын ишине көзөмөл жүргүзүү да кирет.

Аналитикалык борборду түзүү жөнүндө чечим мезгил талабына жана 2019-2021-жылдарга Салык кызматын өнүктүрүү стратегиясынын талаптарына жооп берет. Анын иши салык жол-жоболорун фискалдаштыруунун алкагындагы долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашырууга көмөк көрсөтөт.

Салык кызматынын жаңы түзүмдүк бөлүгү кыйла тажрыйбалуу кызматкерлерден түзүлөт.

Пикир

Оставить комментарий