• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте жол оңдоо иштери кызуу жүрүүдө

Коом 0

Бишкек, 16.05.23. /Кабар/. Бишкекте жол оңдоо иштери кызуу жүрүүдө.

Шаардык мэриядан билдиришкендей, учурда Сыдыков көчөсүнүн Калык Акиев көчөсүнөн Жаш Гвардия бульварына чейинки бөлүгү оңдолууда. Эски асфальттар алынып, жол бордюрлары орнотулууда. Жолдун бир тарабына тротуар уюштуруу иштери жүрүүдө.

Ошондой эле Кой-Таш чолок көчөсүн бойлой Ахунбаев көчөсүнөн Койбагаров көчөсүнө чейинки аралыкта курулуш иштери аяктоо алдында турат. Түтүктөр жана ирригация системасы орнотулуп бүттү. Учурда тротуарларды жана жол бордюрлар орнотулуп жатат.

Белгилей кетсек, жол тилкесин курууда жарандардын ыңгайлуулугу үчүн 4 тирөөч мамылар жылдырылып, жолдун бөлүгү 6 метрге чейин кеңейтилди.

Пикир

Оставить комментарий