• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ош шаарындагы Ж. Райымбеков көчөсү толугу менен жаңыланат

Аймак 0

Бишкек, 16.05.23./Кабар/. Ош шаарындагы Ж. Райымбеков көчөсү толугу менен жаңыланат, деп билдирет мэриянын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, Оштун мэри Бакытбек Жетигенов Ж.Раимбеков көчөсүнүн Масалиев проспектисинен баштап, Кара-Суу көчөсүнө чейинки абалы менен жеринен таанышып чыкты.

Анын алкагында шаар башчысы аталган көчөнү көрктөндүрүү, жолго асфальт төшөө жана жарыктандыруу жумуштарынын жаңы долбоору менен таанышты. Жолдун жалпы узундугу 530 метрди, туурасы 22 метрди түзөт.

Мындан тышкары, жолдун эки тарабындагы туурасы 5 метрден 8 метрге чейинки тротуарларды оңдоп-түзөө иштери болжолдолгон.

Бакытбек Жетигенов алдыга коюлган иш-пландардын баарын белгиленген мөөнөттө аткаруу боюнча тиешелүү кызматтарга тапшырмаларды берди. Долбоордо жөө жүргүнчүлөр үчүн өтмөгү бар аянтчалар, заманбап жарыктандыруу, видеобайкоо системаларын орнотуу, жашылдандыруу, калк үчүн эс алуучу жайларды куруу каралган.

Ошондой эле, инсталляциялар, фотозоналар, ар кандай жарнамалык, майрамдык, анимациялык LED экрандарды коюу каралган.

Мындан тышкары, көчөгө кооздолгон чатырлары бар отургучтар, ошондой эле велосипед токтотуучу жайлар бар. Аталган аймакка 265ке жакын бак-дарак жана 118 бадал отургузулат.

Пикир

Оставить комментарий