• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Баткен облусунда 47 жасалма дем алдыруучу аппарат, 354 кычкылтек концентратору бар

Аймак 0

Бишкек, 04.08.20. /Кабар/. Баткен облусунда 47 жасалма дем алдыруучу аппарат, 354 кычкылтек концентратору бар. Бул тууралуу онлайн брифинг учурунда өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Алишер Абдрахманов билдирди.

"Кечээ күнү мамлекет тарабынан 3 жасалма дем алдыруучу аппарат, 1 санарип рентген аппараты, 5 анестезиологиялык монитор, 2 миң эноксопарин дарысы, 6 миң беткап берилди. Азыркы тапта дары-дармек, жеке коргонуучу каражаттардын 1 айлык запасы бар. Муктаждыкка жараша сатып алуулар жүргүзүлүүдө", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий