• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жээнбеков: Мыйзамдаштырылган каражаттар санариптештирүү аркылуу медиктердин айлыгын жогорулатууга багытталат

Президент 0

Бишкек, 04.08.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 4-августта, Чолпон-Ата шаарындагы Ысык-Көл райондук аймактык ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүн капиталдык реконструкциялоонун жүрүшүн көрүп чыкты. Мамлекет башчысы стационарлардын иштөө мөөнөтүн жыйынтыктоо жакындап калганын, жаңы ооруканаларды куруу жана реконструкциялоо тездетилерин белгиледи. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Аталган оорукана 1986-жылы курулгандан тартып жугуштуу оорулар бөлүмүнүн имаратына капиталдык реконструкция жүргүзүлгөн эмес. Буга байланыштуу бүгүнкү күндө имараттын 15 койко-орундуу бир канаты гана иштейт. Капиталдык оңдоп-түзөө менен жугуштуу оорулар бөлүмүн 100 койко-орунга чейин кеңейтүүгө мүмкүнчүлүк жаралат.

Президент Сооронбай Жээнбеков медицина кызматкерлери менен баарлашып, коронавирус инфекциясына каршы күрөшүүдөгү көйгөйлөр гана эмес, саламаттык сактоо тутумундагы көйгөйлөрдү дагы кеңири талкуулады. Чолпон-Ата шаарындагы Ысык-Көл райондук аймактык ооруканасынын реанимация бөлүмүнүн башчысы Сарбагыш Иманалиевдин каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтты.

Медицина кызматкерлери мамлекеттин ооруканаларды куруу боюнча демилгесин колдоого алып, ошол эле маалда жаңы кадрлардын жетишсиздиги көйгөйүнө токтолуп, жаңы кызматкерлерди материалдык жана моралдык жактан колдобой туруп, аларды саламаттык сактоо тутумунда кармап калуу мүмкүн эместигин баса белгилешти.

Ошону менен бирге дарыгерлер коронавирус инфекциясынын жайылышын алдын алуу боюнча иштерди улантууга толугу менен даярдыгын билдиришти. Тилекке каршы, жоготуулар коштолгон азыркы кырдаалды «көрүнбөгөн жоо менен согуш» деп атап, ошол эле маалда бул илдетке каршы кыргызстандыктар туруштук берерине ишенерин айтышты.

Мамлекет башчысы дарыгерлердин кадр жетишсиздиги боюнча айткандары менен макул болуп, катардагы дарыгерлердин эмгегин жогору баалады. Коронавирус инфекциясы абалы көп жылдан берки начар башкаруунун жыйынтыгынан жана системанын кыйрашына алып келген реформалардан улам саламаттык сактоо системасынын бардык көйгөйлүү жерлерин ачыкка чыгарганын кошумчалады.

Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн бардык тармактарын жапырт санариптештирүү жүрүп жатканын, бул көмүскө экономикадагы каражаттарды мыйзамдаштырууга өбөлгө болоорун дагы бир жолу белгиледи.

«Бул каражаттар биринчи кезекте медицина кызматкерлеринин, мугалимдердин эмгек акыларын көтөрүүгө багытталат. Өткөн жылы айлык акылар көтөрүлдү, бирок түшүнүп турам, бул аз. 5 миң сом алган дарыгерлерден эмнени талап кыла алабыз? Бул көйгөй ар дайым менин көңүл борборумда, биздин медиктерибиз мамлекет тарабынан материалдык, моралдык жактан дагы колдоо ала тургандай баарын жасайбыз», — деп баса белгиледи Президент.

Мамлекет башчысы үстүбүздөгү жылдын башында эле Коопсуздук кеңешинин күн тартибинде саламаттыкты сактоо маселеси тургандыгын белгиледи. Коопсуздук кеңеши тарабынан саламаттыкты сактоо системасын өнүктүрүүгө тоскоол болуп жаткан көйгөйлөр толук иликтенип чыккан, бирок илдеттин пайда болушунан улам аларды талкуулоо кийинкиге жылдырылган.

Ал коронавирус инфекциясына байланыштуу кырдаал турукташаар менен саламаттыкты сактоо системасы боюнча маселелер абалды жакшыртуу боюнча конкреттүү чечимдерди кабыл алуу үчүн Коопсуздук кеңешинин жыйынында талкууланарына ишендирди. «Антпесе, биз баарыбыз калктын саламаттыгы коркунучта калганына күбө болдук», — деп кошумчалады Президент.

Ошондой эле жергиликтүү бийликти Ысык-Көл районунда, анын ичинде Чолпон-Ата шаарында вирустун мындан ары жайылышын алдын алуу боюнча иштерди күчөтүүгө чакырды. Жарандардын жоопкерчилигин жогорулатууга жана эпидемияга каршы иш-чараларды күчөтүүгө, дарыгерлерди өз маалында бардык зарыл болгон каражаттар жана тийиштүү төлөмдөр менен камсыз кылууга өзгөчө көңүл бөлүү зарылдыгын белгиледи.

Өкмөттүн Ысык-Көл облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Балбак Түлөбаев Ысык-Көл облусундагы эпидемиологиялык кырдаал турукташып баратканын, коронавирус жуктуруп алгандардын саны азайып жатканын белгиледи. Анын айтымында, Чолпон-Атада түнкү барлар жана кальян-барлар жабылат. Ошондой эле ал пансионат ээлерине коопсуздуктун алгоритмин сактоо өтүнүчү менен кайрылганын, андай болбогон учурда жалпы кабыл алынган эрежелерди сактоо тууралуу талаптарды бузган пансионаттар дагы жабылаарын айтканын билдирди.

«Бүгүнкү күндө медициналык аппараттар менен дары-дармектер жетиштүү, Саламаттык сактоо министрлиги жардамга дарыгерлерди жиберишти. Өкмөт учурдагы маселелерди чечүүгө ар тараптан жардам берип жатат, бизге ошондой эле ыктыярчылар менен меценаттар көмөк көрсөтүшүүдө», — деп маалымдады Балбак Түлөбаев.

Пикир

Оставить комментарий