• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Садыр Жапаров Дүйнөлүк банктын аткаруучу директору Доминик Фаврды кабыл алды

Президент 0


Бишкек, 04.03.24./Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн Дүйнөлүк банктын аткаруучу директору Доминик Фавр башында турган делегацияны кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Кыргызстан менен Дүйнөлүк банктын ортосундагы өнөктөштүктүн артыкчылыктуу багыттары жана жакынкы жылдардагы кызматташуунун келечеги, атап айтканда энергетика, суу ресурстары, транспорт ж.б. боюнча пикир алмашуу болду.

Мамлекет башчысы Дүйнөлүк банкка өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүдө көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирип, бул каржы институту Кыргызстан 30 жылдан бери приоритеттүү тармактарда ийгиликтүү кызматташып келе жаткан алдыңкы өнөктөштөрдүн бири экенин белгиледи.

Садыр Жапаров Дүйнөлүк банктын Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык кошкон салымын жогору баалады. Ал өлкөбүз туруктуу жана динамикалуу өнүгүү жолуна түшүп жатканын айтты. Акыркы эки жылда экономикалык өсүштүн жогорку темптерине жетишилди (2022-жылы – 9%, 2023-жылы – 6,2%). Бул акыркы 10 жылдагы эң жогорку көрсөткүчтөр. Өткөн жылы Кыргызстандын ИДПсы тарыхта биринчи жолу 1 триллион 229 миллиард сомду түздү.

Президент климаттын өзгөрүшү менен байланышкан глобалдык көйгөйлөрдүн фонунда мамлекеттин эң маанилүү милдети - жашыл технологияларды, атап айтканда, гидроэнергетиканы өнүктүрүү болуп саналарын атап өттү. Азыркы учурда “Камбар-Ата-1” ГЭСин куруу” долбоору Борбор Азиядагы эң ири энергетикалык объектилердин бири болуп саналат.

Садыр Жапаров башка эл аралык каржы институттарынан ресурстарды тартуу үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү ачкан бул долбоорду алдыга жылдырууда Дүйнөлүк банк жетектөөчү ролду сактап калат деген ишенимин билдирди. Мындан тышкары, ал Кыргызстан экономикалык активдүүлүктүн жана инвестициялык жагымдуулуктун негизи болгон жол инфраструктурасын өнүктүрүүгө өзгөчө маани берерин белгиледи.

Ошону менен бирге мамлекет башчысы Кыргызстан үчүн транспорт тармагындагы маанилүү долбоор болгон “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолу долбооруна токтолду.

Өз кезегинде Дүйнөлүк банктын аткаруучу директору Доминик Фавр Кыргызстан менен кызматташуу жогорку деңгээлде экенин канааттануу менен белгиледи. Акыркы жылдары Кыргыз Республикасы олуттуу өнүгүүгө жана жогорку көрсөткүчтөргө жетишти.

Ал ошондой эле Кыргызстан инвесторлор үчүн жагымдуу шарттарды түзүп, көптөгөн мүмкүнчүлүктөрдү ачып жатканына басым жасады.

Доминик Фавр артыкчылыктуу багыттарды алдыга жылдырууда колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди, атап айтканда, Дүйнөлүк банк энергетика тармагына – Камбар-Ата-1 ГЭС үчүн техникалык-экономикалык негиздемени даярдоо боюнча долбоорго колдоо көрсөтүүдө.

Мындан тышкары, жолугушууда Дүйнөлүк банк президент Садыр Жапаровдун климаттын өзгөрүшү боюнча позициясын колдой турганы жана керектүү жардам көрсөтүүгө, тажрыйба жана билим менен бөлүшүүгө даяр экени айтылды.

Соңунда тараптар Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө багытталган мындан аркы тыгыз жана жемиштүү өз ара аракеттенүүгө бекем ишенимин билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий