• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кербенде суу менен жабдуу жана канализация системасын реабилитациялоо боюнча кредиттик жана гранттык макулдашуу ратификацияланды

Президент 0

Бишкек, 22.01.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «2019-жылдын 13-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы „Кербен шаарында суу менен жабдуу жана канализация системасын реабилитациялоо“ долбоору боюнча кредиттик макулдашууну жана 2019-жылдын 13-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы „Кербен шаарында суу менен жабдуу жана канализация системасын реабилитациялоо“ долбооруна Европа бирлиги тарабынан берилүүчү инвестициялык грант боюнча гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө» Мыйзамга кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2019-жылдын 26-декабрында кабыл алынган.

Аталган Мыйзамга ылайык, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкына жогоруда көрсөтүлгөн макулдашуулардын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы жөнүндө кабарлоого тийиш.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Маалымат катары:

«Кербен шаарында суу менен жабдуу жана канализация системасын реабилитациялоо» долбоорун ишке ашыруу үчүн финансылык каражаттар Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы, Европа бирлиги тарабынан Борбордук Азия үчүн Инвестициялык фонддун (IFCA) каражаттарынан берилүүдө.

Долбоордун жалпы суммасы 6,5 млн еврону түзөт, анын ичинде:

— Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын кредити — 2,5 млн евро;

— Борбордук Азия үчүн Инвестициялык фонддун (IFCA) каражаттарынан Европа бирлигинин гранты — 3,0 млн евро;

— Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын гранты — 1,0 млн евро (техникалык кызматташтыктын каражаттары).

Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын кредит берүүсүнүн финансылык шарттары: кредит 15 жылдык мөөнөткө, анын ичинде 3 жылдык жеңилдетилген мөөнөтү жана Euribor +1,0% пайыздык ставкасы (өзгөрүлүп туруучу пайыздык ставка) менен берилет. Долбоорду ишке ашыруу мөөнөтү — 3 жыл.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнөн кош каржылоо каралган эмес, тиешелүү түрдө бул долбоорду ишке ашырууга республикалык бюджеттен финансы каражатын бөлүү талап кылынбайт.

Пикир

Оставить комментарий