• 88.68
  • 95
  • 0.95

Президент «Үрөн жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизди

Президент 0

Бишкек, 09.08.23. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров «Үрөн жөнүндө» КР Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" КР Мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2023-жылдын 22-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Мыйзам КРнын 2021-жылдын 8-февралындагы № 26 «Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына инвентаризация жүргүзүү жөнүндө» КР президентинин Жарлыгын аткаруунун алкагында даярдалган, жана КР министрлер кабинети тарабынан КРнын аймагына үрөндөрдү алып келүүнүн тартибин белгилөө, ошондой эле редакциялык-тактоочу мүнөздөгү өзгөртүүлөр каралган.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий