• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

1-сентябрга чейин үй, транспорт жана жер салыгын төлөө керек. Төлөө ыкмалары

Экономика 0

Бишкек, 09.08.23. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы транспорт, турак жай жана үй жанындагы жер участогуна салыкты төлөө ыкмалары жөнүндө маалымдайт.

Салыктарды бардык банк мекемелериндеги кассалардан, почта бөлүмдөрүнөн, төлөм жана POS-терминалдардан, мобилдик жана интернет-банкингден, ошондой эле төлөм карталарын же башка перифериялык түзүлүштөрдү пайдалануу менен төлөөгө болот.

Салык төлөө учурунда тиешелүү маалымдаректерди киргизүү зарыл. Транспорт салыгын төлөө үчүн мүлк катталган район же шаар, ээсинин ИСНи, транспорттун мамлекеттик номери жана салыктын суммасы, турак жай же үй жанындагы жер участоктун салыгы үчүн – мүлк жайгашкан район, шаар же айыл аймагы, ээсинин ИСНи жана салыктын суммасы көрсөтүлөт.

Calculator.salyk.kg сайты аркылуу салыктын суммасын өз алдынча эсептөөгө мүмкүн.

Эскерте кетсек, 1-сентябрга чейин төмөнкүлөрдү төлөө керек:

– транспорт каражатына салык,

– турак жай, батирге (ишкердик иш үчүн пайдаланылбаган) салык,

– үй жанындагы, короо-жай жанындагы жана бак-чарба жер участокторуна салык.

Толук маалыматты жергиликтүү салык органдарынан, ошондой эле 116 номеринен же www.sti.gov.kg сайтынан алууга болот.

Пикир

Оставить комментарий