• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсүнүн көлөмү 5 айда 2,8 млрд сомду түздү

Экономика 0

Бишкек, 13.07.21. /Кабар/. 2021-жылдын январь-майында Кыргызстанда товарлардын тышкы жана өз ара соода жүгүртүүнүн көлөмү 2,8 млрд долларды түздү жана 2020-жылдын январь-майына салыштырмалуу 27,7 пайызга жогорулады. Бул тууралуу маалымат жыйынында Улуттук статистика комитетинин статистикалык маалыматтарды жайылтуу бөлүмүнүн башчысы Чынара Турдубаева билдирди.

Анын айтуусуна караганда, ушул эле учурда экспорттук жѳнѳтүүлөр 4,4 пайызга, ал эми импорттук келип түшүүлөр 40,5 пайызга жогорулады.

"2021-жылдын январь-майында республиканын Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө-мамлекеттери менен өз ара соодасынын көлөмү 1,3 млрд долларды түздү жана 2020-жылдын январь-майына салыштырмалуу 34,8 пайызга жогорулады. Мында экспорттук жөнөтүүлөр 75 пайызга, ал эми импорттук келип түшүүлөр 24 пайызга жогорулаган. Республиканын Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө-мамлекеттери менен өз ара соодасынын эң чоң үлүшү Россияга (64 пайызы) жана Казакстанга (34,3 пайызы) туура келди", - деп түшүндүрдү ал.

Пикир

Оставить комментарий