• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстандыктар насыяны эң көп керектөө муктаждыктары үчүн алышат

Экономика 0

Бишкек, 22.08.23. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын I жарым жылдыгында 350 миңге жакын адам микрокредиттик уюмдардын кызмат көрсөтүүлөрүн пайдаланды, бул өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырганда 17% га көп.

Мында алуучуларга 24 млрд сомго жакын суммада же 35,5%га көп микрокредиттер берилди.

Микрокредиттерди алуучулардын басымдуу бөлүгү Ош шаарына - мында алуучулардын жалпы санынын 21%га жакын жана Жалал-Абад облусуна - 17%дан ашык, ошондой эле Бишкек шаарына- 16%га жакыны туура келди.

Микрокредиттердин эң көп суммасы Бишкек шаарындагы (берилген микрокредиттердин жалпы көлөмүнүн 19%дан ашык), Ош (17%), Чүй жана Жалал-Абад облустарынын (15,8%дан) алуучуларына берилди.

Үстүбүздөгү жылдын I жарым жылдыгында берилген микрокредиттердин жалпы көлөмүнүн дээрлик 46%ы керектөөчүлүк муктаждыктарына берилди, 25%дан ашыгы - айыл чарбасындагы ишмердикти өнүктүрүүгө, 12%га жакыны - соода жана коомдук тамактануу чөйрөсүнө, 5%дан ашыгы курулушка багытталды.

Пикир

Оставить комментарий