• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

МСК: Экспорттоочулар ЕАЭБге товарларды тоскоолдуксуз ташып кирүү үчүн электрондук эсеп-фактураны колдонууга тийиш

Экономика 0

Бишкек, 18.02.21 /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы экспорттоочуларды ЕАЭБге мүчө өлкөлөргө товарларды тоскоолдуксуз ташып кирүү үчүн электрондук эсеп-фактураны милдеттүү түрдө колдонууга чакырат.

Салык кызматынан белгилешкендей, Кыргыз Республикасынан Казакстан Республикасына, Россия Федерациясына, ошондой эле тескери багыттар боюнча автоунаа каражаттары менен өткөрүлүүчү товарларга мониторинг жүргүзүү боюнча пилоттук долбоордун жүрүшүндө айрым кыргызстандык экспорттоочулар тарабынан бир катар мыйзам бузуулар аныкталган.

Атап айтканда, көпчүлүк экспорттоочулар электрондук эсеп-фактураны 2020-жылдын 1-июлунан тартып тариздөөгө милдеттүү болушса да, Кыргыз Республикасынын Салык мыйзамдарын бузуу менен электрондук эсеп-фактураларын тариздешпейт. Ошондой эле товарларды Казакстан Республикасынын жалган резиденттеринин дарегине жөнөтүү, жүрүү каттамынан четтөө жана навигациялык пломбалардын үзүлүшү фактылары аныкталууда.

Экспорттоочулар тарабынан жогоруда көрсөтүлгөн тартип бузууларга жол берилген учурда, алар кыргыз-казак чек арасындагы өткөрүү пункттарында жана бара жаткан жолдо контролдоонун кошумча түрлөрүнө дуушар болушат жана тобокелдүү автотранспорттук каражаттардын тизмесине киргизилерин Салык кызматы эскертет.

Эскерте кетсек, 2021-жылдын 10-мартында Кыргыз Республикасынан Казакстан Республикасына жана Россия Федерациясына ошондой эле тескери багыттар боюнча автоунаа каражаттары менен өткөрүлүүчү товарларга мониторинг жүргүзүү боюнча пилоттук долбоор аягына чыгат.

Бул мезгилге чейин Кыргыз Республикасынан Казакстанга, Россияга жана тескери багыт боюнча товарларды ташууда өзү алып өтүүчү (самоход) товарлардан тышкары, автоунаа каражатынын жүк турган бөлүктөрүнө навигациялык пломба илинет.

Пломбалоо жол-жоболорун Казакстан Республикасынын Финансы министрлигинин мамлекеттик кирешелер комитетинин кызматкерлери ишке ашырат.

Пилоттук долбоорго катышуунун алкагында атайын бөлүнгөн (“Барыс” жана башка) жерлерде жана өткөрүү пункттарында навигациялык пломбалары бар жүк ташуучу автранспорттук каражаттарга контролдоонун кошумча түрлөрүн жүргүзүүгө жол берилбейт.

Пикир

Оставить комментарий