• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтык талкууланды

Экономика 0

Бишкек, 19.01.24. /Кабар/. Кыргызстандын Экономика жана коммерция министрлигинин Түркиядагы соода өкүлү Чыңгыз Токтобеков Түркиянын казына жана каржы министринин орун басары, Түркиянын EXIMBANK төрагасы Осман Челик менен жолугушту.

Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө соода өкүлү Чыңгыз Токтобеков Түркия менен Кыргызстандын ортосунда соода-экономикалык кызматташтык жана тыгыз соода тармагы өнүгүп жатканын белгиледи.

Ал ошондой эле эки өлкөнүн ортосунда бизнес жүргүзгөн ири компанияларга жана ишкерлерге акча которуу маселеси боюнча маалымат берди. Ал биргелешкен долбоорду ишке ашыруу боюнча бир катар сунуштарды киргизди. Анын ичинде Кыргызстанда жеңилдетилген насыялар боюнча түрк банктарынын бөлүмдөрүн ачуу да камтылган.

Өз кезегинде, министрдин орун басары Осман Челик эки өлкөнүн кызматташтыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

Ал соода-экономикалык чөйрөдө биргелешкен долбоорлордун үстүндө иштөөгө даярдыгы тууралуу маалымат берди. Ал ошондой эле Түркиянын инвестициялык фонду менен кызматташуу зарылдыгын белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий