• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Ошто түнкүсүн дүкөндөргө кирип, уурулук кылып жүргөн топ кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 19.01.24. /Кабар/. Ошто түнкүсүн дүкөндөргө кирип, уурулук кылып жүргөн топ кармалды. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ош ШИИБдин Ак-Буура милиция бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан А.Навои көчөсүндө жайгашкан электрондук буюмдарды саткан дүкөнгө жасалган уурулуктун бети ачылды.

Аталган дүкөндүн ээси милицияга арыз менен кайрылып, 9-январда белгисиз жарандар түнкүсүн дүкөндүн эшигин бузуп кирип, беш даана ноутбук, алардын аксессуарларын уурдап кеткендигин билдирген. Жабырлануучуга келтирилген чыгым 200 миң сомдун айланасында болгон.

Кылмышка шектүү катары 3 жигит кармалды, алар Ош шаарынын тургундары 2006-жылы туулган К.С жана 2004-жылы туулган К. уулу Б., Өзгөн шаарынын жашоочусу 2003-жылы туулган А.Р. болушкан.

Шектүүлөр уурдашкан ноутбуктардын экөөнү сатып үлгүрбөй калышкан. Калган 3 ноутбукту күрөөканаларга коюшуп (13000, 8000, 13000 сомго) акча алышкандыгы маалым болду.

Учурда кармалгандарга карата кылмыш иши козголуп, Ош ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө бул кылмыштуу топтун ушул сыяктуу бир нече кылмыштарга катыштыгы бар экендиги, башка бир нече дүкөндөргө дагы уурулукка киришкендиги маалым болду.

Пикир

Оставить комментарий