• 88.68
  • 95
  • 0.95

Алдоо жолу менен чала таанышынын акчасын ээлеп алган УКТ мүчөсү кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 10.03.21. /Кабар/. Алдоо жолу менен чала таанышынын акча каражатын ээлеп алган факты боюнча Ош шаарынын жашоочусу кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Ички иштер органдарына Ош облусунун Ноокат шаарынын жашоочусу арыз менен кайрылып, анда алдоо жолу менен акча каражатын ээлеп алып, материалык зыян келтирген жаранга карата тиешелүү чараларды көрүп берүү суранычын билдирген.

Аныкталгандай, 2020-жылдын күз айында чала тааныш адам алдоо жолу менен ишенимге кирип, 100 миң сом акча каражатын ээлеп алган. Бир аз убакыт өткөндөн кийин дагы 5 миң сом алып, андан соң жолугушуудан качып, изин жашырып кеткен.

Бул факты КЖБРге катталып, ИИМдин Тергөө кызматы (Ош шаары) КРнын Жазык кодексинин 204-беренеси менен сотко чейинки өндүрүштү баштаган.

Укукка каршы аракеттерди жасоого тиешеси бар жаранды тактоо жана кармоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чараларын ИИМдин КМКнын Аймактар аралык башкармалыгы жүргүзүзгөн. Ушул жылдын март айында милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүзгөн иш-чаранын натыйжасында Ноокат районунун аймагынан Ош шаарынын жашоочусу 1983-жылы туулган М.З. кармалды.

Аймактар аралык башкармалыгынын маалыматы боюнча жаран М.З. мурда үч жолу соттолгон жана ИИМдин ыкчам каттоосунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары турат.

Азыркы учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий