• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Аламүдүн районунда тоноого шектүү жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 30.05.22. /Кабар/. Аламүдүн районунда тоноого шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Аламүдүн РИИБине 2003-жылы туулган Н.Г. аттуу жаран арыз менен кайрылып, анда ал 23-май күнү кечки саат 23:00дөр чамасында белгисиз адам ага карата күч колдонуп, телефонун тартып алып качып кеткенин айтып, чара көрүүнү өтүнгөн.

Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө аталган кылмышка шектүү делип 1999-жылы туулган А.А. аттуу жаран кармалган.

Аталган факт Кылмыштардын бирдиктүү реестрине КР Кылмыш-жаза кодексинин тоноо беренесинин негизинде катталган.

Учурда шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, сотко чейинки териштирүүлөр уланууда.

Пикир

Оставить комментарий