• 88.68
  • 95
  • 0.95

Догдуркүл Кендирбаева Лейлекте билим берүү жетекчилери менен жолукту

Аймак 0

Бишкек, 19.01.24. /Кабар/. Бүгүн билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Лейлек районунун билим берүү мекемелеринин башчылары жана мугалимдери менен жолугушту. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Жолугушууда министр мамлекет билим берүү тармагын жакшыртуу үчүн олуттуу бюджеттик колдоолорду көрсөтүп жатканын белгиледи.

«Буга мугалимдердин эмгек акыларынын жогорулатылышы, мектептердин курлушу, бала бакчалардын ачылып жаткандыгы далил. Ал эми биз сапаттуу билим берүү жаатында аракетибизди күчтөп, ар бир мугалим изденүү менен иш алып барып, күнүмдүк ишинде алдыңкы тажрыйбаларды пайдаланууга умтулушу зарыл», – деди ал.

Мындан тышкары, министр өз сөзүңдө педагогдорду ата-энелер менен тыгыз иш алып барууга, STEM предметтерге өзгөчө көңүл бурууга чакырды.

Жолугушууда Жалпы республикалык тестирлөөгө, PISAга даярдык көрүү, окуу процессин санариптештирүү жана тилдерди үйрөтүү боюнча натыйжалуу ыкмаларды пайдалануу маселелери да көтөрүлдү.

Жарыш сөздө мугалимдер да сөз сүйлөп, министрге күнүмдүк иш процессине тийиштүү суроолорду берип, айрым маселелер боюнча алгылыктуу сунуштарын беришти.

Пикир

Оставить комментарий