• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ала-Бука районунда "Келечек үчүн билим берүү" долбоору өз ишин баштады

Аймак 0

Бишкек, 19.01.24. /Кабар/. Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан ишке ашырылып жаткан "Келечек үчүн билим берүү" долбоору Ала-Бука районуна караштуу А. Пирматов жана Сезим мектепке чейинки билим берүү уюмдарында өз ишин баштады.

Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришкендей, аталган мектепке чейинки билим берүү уюмдарына долбоордун алкагында эмеректер жана оюнчуктар алынып келинди. Ал эми имараттарда ремонт иштери жүргүзүлүүдө.

Долбоордун максаты — балдарды мектепке даярдоо, мектепке чейинки жана орто мектеп мугалимдердин эффективдүүлүгүн жогорулатуу.

Долбоор айыл жергесиндеги мектепке чейинки билим берүү уюмдарына тартылбаган балдарды камтыйт. Балдардын мектепке даярдыгы, окутуунун натыйжалуулугун жана окутууну технология аркылуу колдоо, окутууда баалоону жакшыртуу ишке ашырылат.

Пикир

Оставить комментарий