• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

КР ТИМ башчысы ЕККУнун басма сөз эркиндиги боюнча өкүлү менен телефон аркылуу сүйлөштү

Саясат 0

Бишкек, 19.01.24. /Кабар/. Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбеков Кулубаев Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюмунун (ЕККУ) басма сөз эркиндиги боюнча өкүлү Тереза Рибейро менен телефон аркылуу сүйлөштү.

КР ТИМдин басма сөз кызматынан кабарлашканлдай, тараптардын сүйлөшүүсү бүгүн ЕККУнун демилгеси менен өткөн.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен ЕККУнун сөз эркиндигин жана ЖМК эркиндигин камсыз кылуу чөйрөсүндөгү кызматташуу маселелерин жана бул багыттагы күн тартибин талкуулашты.

Алар өлкөнүн улуттук артыкчылыктарына жана эл аралык милдеттенмелерине ылайык конструктивдүү өз ара аракеттенүүнү улантууга даяр экендиктерин билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий