• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстан менен Өзбекстан товар алмашууну 500 млн долларга жеткирүү ниетинде

Саясат 0

Бишкек, 14.12.17 /Кабар/. Кыргызстан менен Өзбекстандын президенттери Сооронбай Жээнбековдун Ташкентке болгон сапарынын алкагындагы жолугушуулардын жыйынтыгы боюнча маалымат каражаттары үчүн биргелешкен билдирүү жасашты.

Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнөн кабарлашкандай, Шавкат Мирзиёев Кыргызстандын башчысы алгачкы сапарларынын бирин Өзбекстанга жасаганын маанилүү окуя деп эсептей турганын билдирди.

Өзбекстан президенти көп маселелер боюнча тараптардын көз карашы бирдей экенин белгиледи. «Кыргыз-өзбек мамилелеринин тарыхында эч качан мындай болгон эмес. Быйыл өлкөлөр ортосундагы товар алмашуу көлөмү 250 млн долларды түздү. Бул сан жыл соңуна чейин 280 млн долларга чейин жетиши мүмкүн. Биз товар алмашууну 500 млн долларга чейин жеткирип, ортодогу бардык тоскоолдуктарды жоюуну каалайбыз. Эки өлкө чек арасы аркылуу күн сайын 10-15 миң киши өтөт. Алдыда эч кандай чек аралар болбогон да мезгил келет», - деди Шавкат Мирзиёев.

Өз кезегинде Сооронбай Жээнбеков көптөгөн маселелер боюнча өлкөлөрдүн позициялары дал келерин белгиледи. «Эгер буга чейин биз достук мамиледеги өлкөлөр болсок, бүгүнкү күндө стратегиялык өнөктөштөргө айландык», - деди ал.

- Биздин өлкөлөр ортосундагы чек ара достук менен кызматташтыктын дарбазасы болуп калды. Бүгүнкү күндө биз көптөгөн маанилүү маселелер боюнча өз ара түшүнүшө алдык. Мамлекеттик чек аралардын калган бөлүгүн делимитациялоо боюнча жигердүү иштерди улантабыз.

Соңунда Жээнбеков 25-декабрда эки өлкөнүн жумушчу тобу Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу долбоорун талкуулоо үчүн жолуга турганын кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий