• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Түркмөнстанда кезектеги азык-түлүк каатчылыгы байкалууда

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 15.12.17 /Кабар/. Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов өлкөдө азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо боюнча комиссия түздү. Мамлекет башчы мындай чечимди өлкөдө ун тартыштыгы жана азык-түлүк кымбаттагандыгы тууралуу билдирүүлөрдөн кийин кабыл алды.

«Азаттыктын» түркмөн кызматынын өз булактары кабарлашкандай, акыркы апта ичинде Ашхабадда тооктун жумурткасынын тартыштыгы жаралып, анын баасы кескин кымбаттады. Алардын айтымдарында, декабрдын башында Ашхабаддын базарларында бир даана жумуртканы 40 тенгеден сатып алууга мүмкүн болсо, учурда алар 60-65 тенгеден сатылууда. (Түркмөнстандын Борбордук банкынын курсу боюнча 1 АКШ доллары 3.5 манатка барабар). Бул азык-түлүккө болгон жалпы баанын жогорулашынан улам аталган азыкка болгон суроо-талаптын өсүшүнө байланыштуу экени айтылууда.

“Базарларда азык-түлүк күн өткөн сайын кымбаттап жатат. Ага кошумча коммуналдык кызматтар, электр энергиясы, газ жана суу үчүн төлөмдөр дагы жогорулады. Мындай шарттарда жумуртка эң жеткиликтүү азык-түлүк болуп жаткан», — деп билдирди Ашхабаддын тургундарынын бири.

Өлкөнүн Ички иштер министрлигинин аты-жөнүн айтуудан баш тарткан кызматкерлеринин биринин айтымында, баалардын жогорулашына Ашхабадга азык-түлүк жеткирген аймактык номурлуу жүк унааларынын шаарга киришине чектөө киргизилгендиги дагы себеп болууда.

"Азиададан кийин полиция кызматкерлери бир канча убакыт азык-түлүк ташып келген жүк унааларына көз жумуп коюп жатышкан. Полициячылардын колуна түшүп калбасын деп айрымдарына өзүлөрү коопсуз жолдорду көрсөтүп берип атышкан", - деди ал.

Булагы: CENTRAL ASIAN

Пикир

Оставить комментарий