• 88.68
  • 95
  • 0.95

Сүлүктү шаарында маалыматтык технологиялар борбору ачылат

Аймак 0

Бишкек, 19.01.24. /Кабар/. Сүлүктү шаарында маалыматтык технологиялар борбору ачылат. IT борбордун курулушуна Баткен облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева капсула салды.

Ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашкандай, курулуштун буйрутмачысы – Сүлүктү шаарынын мэриясы, объектинин жалпы сметалык баасы 50 055 617 сом.

Министрдин айтымында, санариптештирүү – билим берүү тармагындагы артыкчылыктуу багыттардын бири, бул борбор келечекте учурдун талабына төп келген жаштарды даярдап чыгууга түрткү берет.

Пикир

Оставить комментарий