• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Сөз эркиндиги, блогерлердин кармалышы, МА жетекчилеринин суракка чакырылышы – Садыр Жапаровдун кезектеги маеги

Президент 0

Президент Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине берген маегинде «24.kg» маалымат агенттигинин жетекчилеринин суракка чакырылышы, блогерлердин кармалышы жана өлкөдөгү сөз эркиндиги тууралуу суроолорго жооп берди.

- Саламатсызбы, Садыр Нургожоевич! Соңку күндөрү коомдо кызуу талкууланып жаткан суроолорго жооп алууга уруксат этиңиз. Сөз «24.kg» маалымат агенттигинин жетекчилеринин суракка чакырылышы жана интернет-редакциялардын журналисттеринин тобунун кармалышы тууралуу болууда.

- Саламатчылык! Алгач «24.kg» ишине токтолсом. Мага маалымдалгандай, аталган интернет-басылмасынын редакциясында ыкчам-иликтөө иш-чаралары КР Кылмыш-жаза кодексинин 407-беренеси боюнча («Согушту пропагандалоо») козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн. Сурактан кийин ошол эле күнү бул редакциянын кызматкерлери бошотулган. Тергөө амалдары жүрүүдө. Өлкөнүн мыйзамдарында белгиленген тийиштүү жол-жоболордон өтүшү керек.

- Ошентсе да, масс-медиа менен кызматташкан бир катар чет элдик уюмдар жана эл аралык институттардын өкүлдөрү Кыргызстандын бийлигин камактагы журналисттерди тез арада бошотууга чакырган билдирүүлөрдү жасоого жетишкен.

- Биринчиден, кармалгандар кесипкөй журналисттер эмес. Алар социалдык тармактарды пайдаланып, ар кандай, анын ичинде өлкөнүн улуттук коопсуздугуна коркунуч туудурган маалыматтарды жоопкерчиликсиздик менен жарыялаган блогерлер.

Экинчиден, ар бир укуктук мамлекеттегидей эле, Кыргыз Республикасында дагы мыйзам алдында жоопкерчилик бар. Буга байланыштуу ар бир адам, биринчи кезекте өзүн журналист жана блогер эсептегендер маалыматтын аныктыгы үчүн жоопкерчилик тартууга тийиш.

Айрым блогерлер жана активисттер жалган маалыматтарды ачыктан-ачык жайылткан учурларга биз көп ирет күбө болдук. Көбүнесе аймактык, диний жана улуттар аралык кастыкты атайылап же аңдабастан козутуу аракеттери, конституцияга каршы аракеттерге жана башаламандыктарга чакырыктар болгон.

- Кармалган кыргызстандыктарга карата кандай айыптар тагылууда?

- КР Юстиция министрлигине караштуу Соттук-эксперттик кызматтын корутундусуна ылайык, так ушул учур боюнча, Тажибек кызы Махабаттын видео кайрылууларында массалык башаламандыктарга чакыруу белгилеринин бар экендиги аныкталган, бул КР Кылмыш-жаза кодексинин 78-беренесинин 3-бөлүгүнө туура келет.

Азыркы тынчы жок жана башаламан мезгилде сөз эркиндиги жоопкерчилик менен тыгыз байланышкан. Бүгүнкү күнү демократиялык жактан өнүккөн деп айтууга боло турган өлкөлөр саясий максаттарга жетүү жана коомду туруксуздаштыруу үчүн сөз эркиндигин колдонуп жаткандарга карата азыртан чектөөлөрдү киргизип жатышат.

Биз буга байланыштуу алдын алуу чараларын көрүүгө мажбурбуз, анткени бул өлкөнүн улуттук коопсуздугуна түздөн-түз тийиштүү.

Мына ушул жерде мен Европа Кеңешинин мүчө-мамлекеттери тарабынан кабыл алынган (1950-жылы 4-ноябрда) Адамдын укуктарын жана негизги эркиндиктерин коргоо жөнүндө конвенциянын айрым жоболорун келтиргим келет. Алсак, «Сөз эркиндиги» деп аталган 10-берененин 2-пунктунда улуттук коопсуздуктун, аймактык бүтүндүктүн же коомдук тартиптин таламдарына байланыштуу мамлекеттин сөз эркиндигин айрым чектөөлөргө укуктары камтылган. Жөнөкөй тил менен айтканда, демократиялык коомдо башаламандыктардын же кылмыштардын алдын алуу максатында мыйзамда каралган чектөөлөр же санкциялар болобу, белгилүү бир формалдуулуктар болушу зарыл.

Эми бардык тергөө иш-чараларынын аягына чыгышын күтөлү.

- Ал арада, азыр коомдо бир тарабы кармалгандарды өз өлкөсүнүн мекенчил жарандары деп ойлошсо, айрымдар алар тек гана каржылык кызыкчылыктарды көздөшөт деген пикирде...

- Массалык башамандыктарга чакырган адамды мекенчил деп айтууга болобу? Чынында, экинчи аспект – каржылык тарабы. Көбүнчө көз карандысыз журналист, блогер деп аталгандар ар түрдүү фонддордон, уюмдардан ж.б. гранттык каражаттарды алышат. Бир нече гана мисал келтирейин:
- factcheck.kg интернет-ресурсу (башкы редактору Болот Темиров) 2020-жылдан 2022-жылга чейин эле бир гана фонддон (NED – Демократияны колдоо боюнча улуттук фонду) жалпысынан 142 900 АКШ долларын алган;
- kloop.media ресурсу ошол эле Демократияны колдоо боюнча улуттук фондунан 585 900 АКШ долларын алган;
- ошол эле 2021-жылы бир катар БӨУлар жана көз карандысыз журналист катары аталгандар Демократияны колдоо боюнча улуттук фондунан 90 000ден 220 000ге чейинки АКШ доллары өлчөмүндө гранттык каражаттарды алышкан;
- жалпысынан kloop.media, "Медиахаб", kaktus.media, "ПолитКлиника", factcheck.kg, T-Media маалымат агенттиктери жана башкалар жыл сайын чет элдик донорлордон 600 000 АКШ долларынан жогору өлчөмдө гранттык каражаттарды алышат;
- жалпы алганда, 2017-жылдан 2020-жылга чейин Демократияны колдоо боюнча улуттук фонду кыргызстандык БӨУларга, журналисттерге жана блогерлерге 8 471 614 АКШ долларын которгон.

Бул гранттык каражаттар сөз эркиндиги, медиа коомчулукту колдоо, көз карандысыз журналистиканы өнүктүрүү боюнча ж.б.у.с. долбоорлордун алкагында бөлүнүп жатканын түшүнүп турабыз. Бирок иш жүзүндө тийиштүү гранттык каражаттар өз максатына жумшалбай – бийликти жаман көрсөтүү, мамлекеттик бийликти каралоо, коомдун тынчын алуу, конституцияга каршы чакырык кылуу жана жалпысынан улуттук коопсуздукка коркунуч жараткан жалган маалыматтарды таратуу саясаты жүргүзүлүүдө.

Мындан тышкары чет элдик булактардан тийиштүү гранттык каражаттарды алган кээ бир журналисттердин жана блогерлердин жеке баюу фактылары байкалууда. Мисалга алсак, кармалгандардын арасында кызматкери бар басылманын башкы редакторлорунун бири каржы булактарын конкреттештирбестен, акыркы жылдары эле бир катар кымбат баалуу кыймылсыз мүлккө ээ болгон. Ушул сыяктуу мамлекеттик каттоо органдарынын маалыматтары менен ырасталган башка да көптөгөн фактылар бар. Ошондой эле тиешелүү билими же масс-медиада иш тажрыйбасы жок жакын туугандарын редакцияларга жумушка орноштурган учурлар бар. Кандайдыр бир үй-бүлөлүк-кландык формат келип чыгууда. Же «үй-бүлөлүк бизнес» дейли. Тактап айтканда, алар донорлорунун каражаттарын көзөмөлсүз жеке керектөөлөрүнө сарпташууда. Ошол эле учурда аларга кооздоп отчет жазып беришет, ал тургай балким алар грант алуучулары эмне менен алектенип жатканын билишпейт. Интернет-блогерлер акча үчүн укмуш сонун отчетторду бергенди гана билишет, а чындыгында алардын материалдарына эч ким ишенбейт. Кармалгандарды бошотуу талабы менен карапайым калктын ичинен эч бир адамдын чыкпаганы айкын мисал. Эл алар бийликти далилсиз жана жөнсүз каралоо менен өздөрүнө бөлүнгөн каражаттарды кантип иштетип жатканын түшүнүп турат. Балким, дал ошон үчүн кармалгандар өздөрүнө көңүл бурдурууну чечип, мындай өлкө мыйзамдарын бузган кадамга барышкандыр.

- Буга карабастан айрымдар өлкөдө сөз эркиндигине басым жасалып жатканы, бул коркутуп-үркүтүү аракеттери экени жана сөз эркиндигине чекит коюлганы тууралуу айта башташты. Бул боюнча пикириңизди билдире кетсеңиз.

- Эч кандай коркутуулар жок жана болушу да мүмкүн эмес. Элибизди бир нерсе менен коркута алабызбы? Кыргызстанда сөз эркиндиги болгон, бар жана боло берет. Бир гана нерсе, жалпыга маалымдоо каражаттарынын чөйрөсүн, биринчи кезекте улуттук коопсуздукту жөнгө салган мыйзамдарды сакташыбыз кажет.

Бүгүнкү күндө салттуу журналистика менен атаандашкан социалдык тармактар аркылуу коомдук пикирди калыптандыруу кадыресе көрүнүшкө айланды. Мындай шартта ар бир жаран журналист болобу, блогер болобу, коомго пайда алып келүү ниети менен бирге ар бир тараткан сөзү үчүн жоопкерчиликтүү экенин түшүнүүгө тийиш. Биз сапаттуу журналисттик иликтөөнү колдойбуз. Бирок блогерлер көпчүлүк учурда фактыларды бурмалоо, «бөйрөктөн шыйрак чыгаруу» же манипуляциялоо менен алектенип, коомду адаштырып жатышат. Алардын материалдары божомолдор эмес, фактылар менен ырасталышы зарыл, алар ушак эмес, маалыматтарды камтууга тийиш.

Биз коомдогу көп пикирдүүлүктү колдойбуз, бирок мамлекеттин кыйрашына, атап айтканда, жоопкерчиликсиз эркиндикке каршыбыз. Биздин эркиндигибиз күзөттө туруп, Кыргызстандын кызыкчылыгын коргошу абзел.

Маектешкен Медербек Шерметалиев

Пикир

Оставить комментарий