• 88.68
  • 95
  • 0.95

ТИМ: Челябинскте базарда чыккан өрттөн жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок

Коом 0

Бишкек, 20.01.24. /Кабар/. Россиянын Челябинск шаарындагы «Восточный город» базарында чыккан өрттөн жабыркагандардын арасында алдын ала маалыматтар боюнча Кыргызстандын жарандары жок. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлиги билдирет.

Өрт күн мурун, 19-январда орун алган.

Ошол эле учурда, колдо болгон маалыматтарга караганда, өрттүн кесепетинен КР эки жаранынын соода түйүндөрү күйүп кеткен. Тиешелүү шаардык кызматтар өрттүн себебин тактап жатышат.

Екатеринбург шаарындагы Кыргызстандын Башкы консулдугу Челябинск шаарындагы кыргыз диаспорасынын башчысы менен байланышта болууда.

Пикир

Оставить комментарий