• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Социалдык кызматкерлер 10 миңден ашык карыларды жана мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды үйлөрүнөн тейлешет

Коом 0

Бишкек, 20-март /Кабар/. Эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Жылдыз Полотова Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтү өзүн-өзү башкаруу органдары менен бирге кызматташуунун көйгөйлөрү, улгайган жарандардын социалдык кызматтарга керектөөсүн аныктоо жана үйүнө барып социалдык жактан тейлөөнү натыйжалуу далилдөө боюнча тегерек үстөлгө катышты. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Маалымдалгандай, тегерек үстөлдүн максаты жергиликтүү деңгээлде социалдык кызмат көрсөтүүлөргө улгайган жарандардын керектөөсүн аныктоо болуп саналат. Буга байланыштуу министрликтин буйругу менен сынамык катары Чүй облусунан Токмок шаары жана Москва району, Жалал-Абад облусунан Жалал-Абад шаары жана Аксы району аныкталган.

Министрликтин маалыматы боюнча, бүгүнкү күндө улгайган жарандарды жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды үйүнө барып социалдык жактан тейлөөдө 927 социалдык кызматкер эмгектенет. Жалпысынан, 10 миң 600 дөн ашык турмуштук оор кырдаалга кабылган адамдарды үйүнө барып социалдык жактан тейлейт. Алардын ичинен жалгыз бой улгайган жарандардын саны 5144, ДМЧАлардын саны 2387 адамды түзөт.

Пикир

Оставить комментарий